15–17-ноябрда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүү борбору маалымдады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай аба ырайы айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн. Айрыкча мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган бойдон ачык жерде жаткан картошкага жана кант кызылчасына үшүк уруу коркунучу бар.
Мекеме дыйкандарды түшүмүн сактоо үчүн алдын ала чара көрүүгө чакырат.

