Башкы беткеКоомТүштүк аймактарда үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Түштүк аймактарда үшүк жүрүшү күтүлүүдө

15–17-ноябрда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шашылыш билдирүү борбору маалымдады.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн жана эртең менен абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн. Айрыкча мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган бойдон ачык жерде жаткан картошкага жана кант кызылчасына үшүк уруу коркунучу бар.

Мекеме дыйкандарды түшүмүн сактоо үчүн алдын ала чара көрүүгө чакырат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар