Башкы беткеКоомКыргызстандагы алты тарыхый объект ЮНЕСКОнун тизмесине талапкер болду

Кыргызстандагы алты тарыхый объект ЮНЕСКОнун тизмесине талапкер болду

Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы алты тарыхый-маданий объект ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирүүгө талапкер катары сунушталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Жолдошов билдиргендей, эстеликтер «Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» трансулуттук номинациясынын алкагында каралууда.

Талапкерлердин катарына төмөнкү объекттер кирет:

  • Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кулбесхан шаар чалдыбары;
  • Ала-Бука районундагы Сафид-Булан (Шах-Фазиль) тарыхый-маданий комплекси;
  • Өзгөн археологиялык-архитектуралык комплекси;
  • Ош облусундагы Шоро-Башат шаар чалдыбары;
  • Кара-Суу районундагы Айрымач-Тоо (Сүрөттүү-Таш) аска бетиндеги сүрөттөрү;
  • Баткен облусундагы Кара-Булак көрүстөн комплекси.

«Жибек жолу: Фергана-Сырдарыя коридору» номинациясынын үстүндө иштөө 2015-жылы башталган. Анын алкагында Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Улуу Жибек жолуна байланышкан тарыхый эстеликтерди биргелешип ЮНЕСКОнун тизмесине сунуштап жатышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар