Башкы беткеМинистрлер кабинетиОш облусунда вируссуз мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүүчү лаборатория курулат

Ош облусунда вируссуз мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүүчү лаборатория курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түркиянын өкүлдөрү менен Ош облусунда мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүүчү заманбап лаборатория куруу маселеси талкууланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда багбанчылыкты өнүктүрүү, сапаттуу жана вируссуз көчөттөрдү өндүрүү, ошондой эле бул багытта биотехнологияларды колдонуу маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2027-жылдан тартып in vitro технологиясын колдонуу менен вируссуз жана сапаттуу мөмө-жемиш көчөттөрүн өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Долбоор ишке ашса, өлкөдө көчөт өндүрүү көлөмүн көбөйтүп, дыйкандарды сапаттуу көчөттөр менен камсыздоого жана багбанчылык тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар