Башкы беткеКоомЖусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарына орнотуу сунушталды

Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарына орнотуу сунушталды

Казакстандык окумуштуулар кыргыздын мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун эстелигин Алматы же Астана шаарларынын бирине орнотууну сунушташты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, бул демилге 17-ноябрда Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде өткөн илимий конференцияда көтөрүлдү.

Жыйында Жусуп Абдрахмановдун 1932-жылдагы ачарчылык маалында Казакстандан Кыргызстанга баш калкалап келген жүз миңдеген адамдын өмүрүн сактап калууга кошкон салымы белгиленди.

Казакстандык окумуштуулар анын тарыхый эмгегин татыктуу баалоо жана кыргыз-казак достугун даңазалоо максатында эстелик орнотуу сунушун эки өлкөнүн жетекчилигине жеткирүү аракеттери жүрүп жатканын билдиришти.

Ошондой эле конференциянын алкагында тарых илимдеринин доктору, «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин директору Болотбек Жумашевич Абдрахмановго саясий репрессиялардын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстан Көркөм академиясынын атайын диплому жана алтын медалы тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар