Башкы беткеМинистрлер кабинетиЭлдик курултайларда саламаттык сактоо тармагына берилген тапшырмалардын 75,2%ы аткарылды

Элдик курултайларда саламаттык сактоо тармагына берилген тапшырмалардын 75,2%ы аткарылды

Саламаттык сактоо министрлиги Элдик курултайларда көтөрүлгөн маселелер боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу иштерин улантууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча анын карамагындагы 250 тапшырманын 101и толук аткарылган. Дагы 87 тапшырма боюнча иштер жүрүп жатат. Жалпысынан 188 тапшырма аткарылып же аткаруу баскычында турат. Бул жалпы тапшырмалардын 75,2 пайызын түзөт.

Аткарылган иштердин арасында аймактарда жогорку технологиялуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү бар.

Тактап айтканда, курч миокард инфарктына кабылган бейтаптарды аныктоо жана дарылоо үчүн катетеризациялык лабораториялар (КАТЛАБ) ачылды. Мындан тышкары, мындай борборлордун санын көбөйтүү жана медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен камсыздоо иштери уланууда.

Ошондой эле облустук жана райондук саламаттык сактоо мекемелерине компьютердик томографтар орнотулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар