Башкы беткеСаясат"Баатыр эне" орденин алган энелердин пенсиясына 5 миң сомдон кошулат

“Баатыр эне” орденин алган энелердин пенсиясына 5 миң сомдон кошулат

Көп балалуу энелерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик колдоо көбөйөт. 2027-жылдын башынан тарта «Баатыр эне» орденинин ээлерине пенсиясына кошумча берилүүчү акча мурдагыдан беш эсе көп төлөнө баштайт.

Бул өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алды.

Депутат Камила Талиева кошумча төлөмдүн азыркы өлчөмү — 1 миң сом 2011-жылдан бери өзгөрүүсүз калганын белгиледи. Ошондон бери күнүмдүк керектелүүчү товарлардын, дары-дармектердин жана коммуналдык кызматтардын баасы өскөндүктөн, төлөмдү кайра кароо зарылдыгы жаралган.

Жогорулатылган каражатты өлкө боюнча 30 миң 609 эне алат. Бул үчүн 2027-жылкы бюджетте дээрлик 1,5 млрд сом каралган.

Жаңы төлөмдөр 2027-жылдын 1-январынан тарта бериле баштайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар