Башкы беткеПарламентКыргызстан Россиядагы ЖОЖдорго бөлүнгөн квоталарды көбөйтүүнү сунуштады

Кыргызстан Россиядагы ЖОЖдорго бөлүнгөн квоталарды көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова менен жолугуп, кыргызстандык жаштардын Россияда билим алуусуна байланышкан маселелерди талкуулады.

18-ноябрда өткөн жолугушууда Марлен Маматалиев Россия жыл сайын Кыргызстандын жарандарына жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн 700 орун бөлүп келерин белгилеп, бул квотаны көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону өтүндү. Айрыкча Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы алдыңкы университеттерге бөлүнгөн орундарды арттырууга көңүл бурду.

Ошондой эле Россиядагы мектептерге кыргызстандык балдарды кабыл алууда өткөрүлүүчү милдеттүү тестирлөө маселеси көтөрүлдү. Төрага орус тили Кыргызстанда расмий тил макамына ээ экенин эске алып, кыргызстандык окуучуларды тил билүү деңгээлин аныктоочу тесттен бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мындан тышкары, өлкөдөгү мектептердин базасында алдын ала тестирлөө жана кеңеш берүү борборлорун ачуу демилгесин билдирди.

Тараптар Кыргызстанда орус тилинде билим бере турган тогуз мектеп куруу долбоорунун жүрүшүнө да токтолушту. Анын алкагында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларындагы алгачкы үч мектепти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Лилия Гумерова Россия кыргызстандык жарандардын өлкөдө билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенин билдирип, илимий, билим берүү жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдарлыгын айтты.

Жолугушууда жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери да талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар