Нидерландиялык сүрөтчү Винсент ван Гогдун «Гүлдөгөн каштандар» (Flowering Chestnut Trees) аттуу картинасы Нью-Йоркто Sotheby’s аукционунда 190,4 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги BILD басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
1890-жылы, сүрөтчүнүн көзү өтөрүнө аз калганда тартылган чыгарма Ван Гогдун аукциондо сатылган эң кымбат картинасы болуп калды.
Белгилей кетсек, чыгарма 50 жылдан ашык убакыт бою коомчулукка көрсөтүлбөй, Аргентиналык үй-бүлөнүн жеке коллекциясында сакталып келген.
Аукцион алдында картинанын тарыхына байланыштуу талаш жаралган. Мурдагы ээсинин мураскерлери чыгарма 1936-жылы нацисттик режимдин кысымы астында сатылганын билдиришкен. Тараптар аукционго бир күн калганда макулдашууга жетишкен. Бирок келишимдин чоо-жайы ачыкталган жок.
Буга чейинки рекорд да Ван Гогго таандык болгон. Анын «Кипаристер өскөн бак» аттуу картинасы 2022-жылы 117,2 миллион долларга сатылган.

