Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында 350 орундуу жаңы көп тармактуу оорукана курулуп, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат. Долбоор Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун 10 млн кувейт динары өлчөмүндөгү каржылык колдоосу менен ишке ашырылат.
Бул маселе 19-ноябрда саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун Кыргызстанга келген делегациясы менен жолугушуусунда талкууланды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор «Саламаттык сактоонун туруктуу секторун модернизациялоо» деп аталат. Ал Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилиги алдында жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда ишке ашырылат.
Мындан тышкары, миссиянын алкагында Министрлер Кабинетинин, Финансы министрлигинин жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуулар өтүп, долбоордун каржылык-экономикалык шарттары жана аны ишке ашырууну координациялоо маселелери каралды.

