“Манас” эл аралык аэропортунан Qanot Sharq авиакомпаниясынын Бишкек – Пхукет жаңы туристтик багыты боюнча алгачкы каттамы аткарылды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, чартердик каттамдар жумасына эки жолу – шейшемби жана жума күндөрү Airbus A321, A330 жана A320neo учактары менен аткарылат.
“Жаңы багыт Кыргызстандын эл аралык каттамдар тармагын кеңейтип, Таиланд менен туристтик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт. Эми жүргүнчүлөр Бишкектен Таиланддын эң популярдуу курортторунун бири болгон Пхукетке түз уча алышат”, – деп айтылат маалыматта.

