Кыргызстандын Министрлер кабинети “ЭлКат” мамлекеттик компаниясына эл аралык интернет-трафикти жеткирүү боюнча өзгөчө жана мөөнөтсүз укук берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Документке ылайык, өлкөдөгү башка интернет-провайдерлерге эл аралык байланыш каналдары боюнча учурдагы келишимдерин “ЭлКатка” өткөрүп берүү жана интернет-трафикти мындан ары ушул компаниянын инфраструктурасы аркылуу алуу сунушталды.
Бул иштер токтом күчүнө киргенден кийин 60 күндүн ичинде аткарылышы керек.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, мындай чечим өлкөнүн санариптик эгемендигин бекемдөө, эл аралык маалымат агымдарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

