Башкы беткеЭкономикаЯпония 4 миллион долларлык грант берет

Япония 4 миллион долларлык грант берет

       Президент Садыр Жапаров Япония менен 533 миллион иен (болжол менен 4 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө грант берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Каражат заманбап жол куруу жана оңдоо техникаларын сатып алууга жумшалат.

 

Мыйзам Кыргызстан менен Япониянын өкмөттөрүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен түзүлгөн гранттык келишимдерди ратификациялайт. Аталган документтерге 14-августта Бишкек шаарында кол коюлган.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, гранттын эсебинен жол фрезасын, жол стабилизаторлорун, тандемдик вибрациялык жана пневмодөңгөлөктүү таптагычтарды  сатып алуу пландалууда. Бул техника жол жабуусун оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринде колдонулат.

Долбоорду ишке ашырууга даярдык келишимдер ратификацияланганга чейин эле башталган. Тактап айтканда, 27-октябрда Кыргызстандын Транспорт министрлиги менен Япониянын Japan International Cooperation System уюму жабдуулардын тизмесин, аларды сатып алуу тартибин жана негизги жол-жоболорду аныктаган протоколго кол коюшкан.

Келишимдердин ратификацияланышы менен гранттык долбоорду бекитүүнүн парламенттик этабын аяктады. Эми Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылганы тууралуу япон тарапка расмий билдирүү жөнөтүшү керек.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күн өткөн соң күчүнө кирет.

 

Курманбек МАМБЕТОВ,
«Кыргыз Туусу».

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар