Мындан эки ай мурда көрүнүктүү искусство таануучу Сапалкан Арипов аба фейсбук баракчасына 11-сентябрда саат 15.00дө, Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде кыргыздын чыгаан кыл калем чебери Табылды Коомбаевдин “Сезимдеги толгонуу” чыгармачылык жеке көргөзмөсү болот деп жарыя кылган экен. Кыңайып басып бардым. Күргүштөп деле көрүүчүлөр келбептир, басымдуу бөлүгү кыл калем чеберлери экен. Сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачары жупуну болду. Жупуну болгону менен, аттуу-баштуу, агала-көгала баш өнөр ээлери Табылды Коомбаевден жылуу сөздөрүн аяшкан жок. Ашык–кеми жок “гений сүрөтчү” деп баа беришти.
Өткөн кылымдын 90-жылдарында Табылды аба менен “Кыргыз маданияты” гезитинде чогуу иштеп калган жайым бар. Улуттук сүрөт өнөрүнүн азыркы алптары Табылды абаны эмес, мени мактагандай компоюп калдым. Улуулукка жанаша жүрүүнүн өзү эле түшүнгөн киши үчүн канчалык керемет.
Кызыл лента да кесилди. Көргөзмө залга кирдик. Табылды Коомбаев абанын 40-50дөй картинасы илиниптир. Башынан аягына чейин шашпай карап чыктым. Тартуу ыкмасы башкача экен. Кудай жалгап көргөзмөдөн Сапалкан Арипов абага учурап калдым. Табылды абанын колдонгон ыкмасы кандай, пастел дегени эмнеси десем, билбегеними эрөөн көрбөй, жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берди.
Көрсө, сүрөт өнөрүндө пастель менен тартуу — жанр да, стиль да эмес, көркөм сүрөт тартуунун материалы да, техникасы (ыкмасы) экен. Тактап айтканда, жанр – чыгарманын мазмундук багытын аныктайт: портрет, пейзаж, натюрморт, тарыхый жанр ж.б. Ал эми стиль — сүрөтчүнүн же көркөм агымдын өзүнө мүнөздүү көркөм баяндоо, образ жаратуу өзгөчөлүгү: реализм, импрессионизм, экспрессионизм ж.б. А техника — сүрөттү жаратууда колдонулган материал: май боёк, акварель, гуашь, пастель, көмүр, карандаш жана иштөө ыкмасы тура.
Гуашь, көмүрдүн кыпыны, көө, лак жана башка көркөм материалдарды колдонуу менен сүрөт тартуу ыкмасында ар бир материал өзүнүн түс берүү, өңдөрдү айкалыштыруу жана сүрөттүн бетине өзгөчө көркөм мүнөз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин билдим. Ал түстөрдүн назиктиги, жумшак өтмөлөрү, баркыт сымал фактурасы менен айырмаланат дешти.
Анда эмесе, “СЕЗИМДЕГИ ТОЛГОНУУ – 77” тууралуу нукура кесипкөй искусство таануучу Сапалкан Арипов эмне дейт, кесипкөйгө сөз берели: “Дүйнөлүк көркөм сүрөт өнөрүндө Э.Дега өз чыгармалары менен адамзатты таң калтырган. Ал аралаш ыкманы, анын ичинде пастелди жигердүү колдонгон. Италияда ушул эле ыкманы Леонарда да Винчи, Ф Бароччи, Гвидо Рени колдонуп, Францияда Ватто, Лебрен, Шарден, Ренуар, Орусияда В.Серов, О.А.Кипренский, М.Врубель, Зинаида Серебряковалар эмгектенишкенин жакшы билебиз. Кыргызстанда болсо Т.Т. Герцен сыяктуу чеберлер, кээде Ф.Н.Флекмандар да пастель менен көп чыгармаларын жаратышканы белгилүү…
Азыркы замандын каарманы – Т.Коомбаевдин пастель боюнча жараткан чыгармалары бөтөнчө бийиктикте экенин да тана албайбыз….
Бу адам оңой менен өзүнө өзү канааттанбайт экен… Кыргыз элинин поэзиясын жантыгынан жатып алып окуйт… Кыргыз акындарынын ырлары сезимдерин ойготуп, акыры барып кыл калемчинин колунан чыгармага айланат…
Эми мобу аталышты эле алалычы:
“ Манаттай асман кызарып,
Магдырап барат айлана”…
Акындагы сөздүн күчү кандай?
Сүрөтчү аны толук бир чыгармага айланткан…
Мына Сизге, Сөз менен БОЁК гармониясы….
Табылдынын табылгасы – Сөз менен Боёк дал келет….
Кептин ачыгы, май боёгу менен тартылган картинадагы кай бир каталарды оңдош өтө кыйын… Мунун живописчилер жакшы билет…
Бирок Табыкебиз скипидарь менен чыгармаларын оңдоп жанын убара кылат…
Т.Коомбаевдин чыгармачылыгынан бир аз четтеп, ааламга көз чаптыралы. Коомбаевден табияттын гармониясын байкайбыз. Туура, так тартылган академиялык композиция менен кынапталган техникага күбө болобуз. Табылды байкенин картиналарын көргөн адамдардын анын кыргыз жергесин космостук деңгээлде баяндаган пастель менен жазылган эмгектерине суктанышты. Таң калышты… Баш чайкашты…. Кыл чебердин талантына тан беришти. Түстөрдүн жумшак чечмелениши, эмоционалдык өңдөргө ээ болгонуна күбө болушту. Жарык менен көлөкөнүн гармониясына жетишкени байкалды. Пастелдердин бир тобу кыргыз табиятына байланышкан кыргыз тоосун даңазалаган чыгармалар. Кандай тоонун кыркасын тандайсыз? Кыргызымдын кылым карыткан карт тарыхынын күбөсү болгон тоолор, ар кандай абалда сыпатталып, Коомбаевдин чыгармаларында толук бир табият симфониясына айланып мунканып обон созот… Жөн обон эмес… Түркүн түскө чулганган КЫРГЫЗ ТАБИЯТЫНЫН КЕРЕМЕТ ЫРГАКТАРЫ…
Кээде ыргактар космостук жагдайга сугарылган… Кээде ыргактар мифтик маанайда кынапталган…. Айтор, автор каалагандай өкчөйт да чиркин…
…Табылды Коомбаевдин тоолору башкача…. Арасында талаалар, жайлоого бараткан жолдор, айыл турмушу, Сиз менен Биз күндө көрүп, бирок көп маани бербеген турмуштук ыргактар көп кездешет.
Табылды аванын жеке көргөзмөсүн кыдырып, чыгармаларын сыдырып чыкканда, анын башкалардан бөтөнчөлөнгөн өзгөчө стилин, кыл калем чеберлеринен таптакыр айырмаланган философиялык багытын баамдасак болот. Албетте Табылдынын чыгармачылыгынын өзөгүн кыргыз элинин улуттук темасы, элдин тарыхы, руханий баалуулуктар түзүп, баары “Коомбаевче” синтезделип, акыры көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Абстракция менен декоративдүү формага ылайыкташкан эмгектерди байкайбыз. Тотемдик символдорду: күн-ай, тоолор, жылкыларды картиналарында көп колдонот. Байыркы көчмөн кыргыздар булуттардын 5 түрүн сыпаттап айтып келишсе, алардын баары Коомбаевдин чыгармаларында уюп жатканына тан бердим: биринде жука булут, айрымдарында кара булут, бир карасаң, топ булут, үңүлө тиктесең ак булут, басып кетейин десем, көлөкөңдөй болуп кара кочкул булут ээрчийт…
Баракелде, сүрөтчү болбосоң коё кал!
Байкебиз фиксатив лагынын мүмкүнчүлүгүн колдонобу билбейм? Анткени ал пастель менен аткарылган түстүү сүрөттөрдүн өнүн бузбайт эмеспи? Кара карандаш менен сангинанын түстүү борлор менен аралашмасы, т.а. италия тилинде – “ а pastello” ( тесто) Коомбаевдин канына сиңген оору…
Пастелдердин бир тобу кыргыз табиятына байланышкан кыргыз тоосун даңазалаган чыгармалар. Арасында талаалар, жайлоого бараткан жолдор, айыл турмушу, Сиз менен Биз күндө көрүп, бирок көп маани бербеген турмуштук ыргактар көп кездешет. Ырас, буга дейре Кыргыз Эл жазуучусу маркум Кенеш Жусупов агабыздын жүрөгү ТООЛОР деп сокту эле, эми минтип анын иниси Табылды ТООЛОР менен ооруп атыры. Табылдынын пастели бул кыргыз көркөм өнөрүндө боёктордун симфониясынын графика менен живопистин ортосундагы чечмелениши – бөтөнчө күүсү…
СЕЗИМ ЫРГАГЫ… Сүрөтчүнүн сезимине чек жок… 77 жаштын сересинен сезимдери сергиген Табылдыны дүйнөлүк көркөм сүрөт алпы француз импрессионисти ЭДГАР ДЕГАГА салыштырам… Ал пастель боёкторунун өзгөчө касиеттерин терең түшүнүп, аны графикалык эмес, накта живопистик деңгээлге көтөргөн. Дега бийчилердин гана эмес, өмүрүнүн акыркы жылдарында эмгектеринде аба мейкиндигин бере билип, жарык чачыраган кереметтүү пастель пейзаждарынын бүтүндөй бир сериясын жараткан эмеспи? Сүрөтчүнүн айыл турмушун камтыган эмгектерин карап француз сүрөтчүсү Жан-Франсуа Милленин чыгармачылыгы эске түшөт. Анткени ал айыл турмушун, катыра жазбады беле? Мен мактаган менен Табылдынын табылгасын эл таразалайт?”
Сапалкан абага алымча да, кошумча да айта албайбыз. Болгону, Табылды абанын тоолор дүйнөсүнө кош келиңиздер, бул тоолордон өз тоолорубузду издеңиздер демекчибиз…
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.

