Тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин “1916-жылдагы көтөрүлүштөгү бай-манаптардын ролу” жана “Доор толкунунда торолгон Сулайман Корчу уулу” китептери жарык көрдү.
“1916-жылдагы көтөрүлүштөгү бай-манаптардын ролу” тарыхчынын ушундай аталыштагы китебинин толукталып, экинчи басылышы. Алгач бул китеп 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына карата чыгарылган. Китептин бул жолку басылышынын жооптуу редакторлору – тарых илимдеринин доктору, профессор Т.А.Абдырахманов, тарых илимдеринин доктору, профессор З.Е.Кабулдинов. Рецензенти – тарых илимдеринин кандидаты, доцент Т.Шейшеканов.
Китептин жарык көрүшүнө кыргыз элинин чыгаан уулдары – Артур жана Бектур Шүкүровдор демөөрчүлүк кылган.
Китепте архивдик материалдар, илимий эмгектер, кол жазмалардын негизинде 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн келип чыгуу себептери, жүрүшү жана аны жетектеген кыргыз бай-манаптары, алардын куугунтукталган тагдырлары тууралуу Кыргызстандын жана Россия, Казакстан, Өзбекстандын архивдеринен алынган мурда көмүскө калып келген, жарыяланбаган архивдик документалдык материалдар менен баяндалат. Ошол убактагы «Казак» гезитине жарыяланган Эшенаалы Арабаевдин макаласы жана «Ак жол» гезитиндеги көтөрүлүш башчыларын жазалоолор тууралуу макалалар дагы алгачкы ирээт киргизилген.
Тарыхчынын аталган китебинде көтөрүлүш башчылары жана ошол мезгилдеги таасирлүү бай-манаптар Султан Далбай уулу, Сулайман Корчу уулу, Шабдан баатырдын уулдары Мөкүш, Исамүдүн, Кемел, Кыдыр Байсары уулу, Мусакожо Ысырайыл уулу, Касымбек Баатай уулдарынын ишмердүүлүгү көтөрүлүш мезгилиндеги тарыхый орду дагы архив булактары аркылуу таасын көрсөтүлгөн.
Китептин экинчи бөлүгүндө архивдик документалдык материалдар далилдүү булак катары берилип, бул баалуу эмгек окутуучуларга, студенттерге, мугалим, окуучуларга жана жалпы эле тарых илимине кызыккан коомчулукка арналган.
Тарыхчы Ж.Байдилдеевдин экинчи китеби “Доор толкунунда торолгон Сулайман Корчу уулу” аталат. Китептин жооптуу редактору жана алгы сөзүн жазган – Мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу Койчиев.
Китеп Сулайман Корчу уулунун урпагы Бакыт Жапарович Кудайбергеновдун колдоосу менен даярдалган.
Рецензенттери – тарых илимдеринин доктору, профессор Т. А.Абдырахманов, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Т.Шейшеканов.
Китепте архивдик материалдар, илимий эмгектер, кол жазмалардын негизинде белгилүү манап Сулайман Корчу уулунун ХІХ кылымдын ортосунан ХХ кылымдын башына чейинки орус оторчулугу мезгилиндеги болуштук башкаруучулугу, Бөлөкбай болуштугун, Пишпек уездин жана Пишпек шаарын негиздөөгө кошкон салымы, 1916-жылдагы улуттук-бош-тондук күрөштүн башчыларынын бири болгондугу, бай-манап катары куугунтукталып, Украинага аргасыз журт которгондугу архивдик материалдардын негизинде баяндалат.
Ошондой эле китепте солто элинин белгилүү манабы атасы Корчу Адучу уулунун Байтик Канай уулу менен Пишпек жана Мерке чептерин алуудагы эрдиктери, Пишпек уездинин алгачкы түзүүчүлөрү катары Солто жана Бөлөкбай болуштуктарынын башында тургандыгы, ажыга бирге барышкандыгы ж.б. ошол доордогу элибиздин башынан өткөн тарыхый окуялар дагы архивдик маалыматтардын далилдөөсү менен берилген.
Кыргызстандын жана Россия, Казакстан, Өзбекстандын архивдеринен алынган, мурда жарыяланбаган архивдик документалдык материалдар да алгачкы ирет далилдүү булак катары пайдаланылган.
Ысымы көмүскө калып, жаңы ачылган архивдик табылгалардын негизинде инсандык бейнеси кайра жанып кыргыз тарыхындагы бараандуу ордун көргөзгөн Сулайман Корчу уулуна арналган бул илимий-даректүү эмгек окутуучуларга, студенттерге, мугалимдерге, окуучуларга жана жалпы эле кыргыз тарыхына кызыккан коомчулуктун кеңири катмарына арналган.
Быйыл 4-июнда Улуттук илимдер академиясынын А.Алтмышбаев атындагы Философия институту, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим министрлигинин Илим комитетинин Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту, КР Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте уюштурган “1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүш: Сулайман Корчу уулу” эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Модератору КР УИАнын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев болду. Иш-чарага КР мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, академик Абылабек Асанканов, Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директору Шилдебай Сабит Камытбек уулу, Х.Досмухамедов атындагы Атырау университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Аккали Ахмет, коомдук ишмер Ормон Шаршенов, техника илимдеринин доктору, ардактуу академик Карыпбек Алымкулов, Сулайман Корчу уулунун небереси Бактыбек Кудайбергенов жана тарых изилдөөчүлөр катышты.
Анда Ж.Байдилдеевдин “Доор толкунунда торолгон Сулайман Корчу уулу” китебинин бет ачары да болду. “Биздин Кыргызстаныбыздын ХХ кылымдагы тарыхый документтери Алматы, Ташкент архивдеринде жатат. Бул китептин чыгышы да Алматы архивинен алынган документтердин негизинде болду. Биз быйыл Үркүндүн 110 жылдыгына карата бир топ иштерди жасап жатабыз”, – деди Нур Саралаев. 1916-жылдагы кандуу окуялардын болушу, себептери, натыйжалары жөнүндө ачык сүйлөшүү керектиги жөнүндө да пикирлер айтылды. Бир топ тарыхчылар, коомдук ишмерлер 1916-жылдагы тарыхый окуялар, Сулайман Корчу уулу жөнүндө сөз сүйлөштү.
Ж.Байдилдеев кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуяларынын бири 1916-жылы болуп өткөн Улуу Үркүндү ар тараптуу иликтеп, андагы бай-манаптардын – “эл жакшыларынын” ролуна өзгөчө басым жасаган тарыхчыларыбыздын бири.
Улуу Үркүн жөнүндө бир катар илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн.
Көтөрүлүштүн катышуучулары тарабынан көптөгөн эскерүүлөр жазылган. Алардын көпчүлүгү Совет бийлигинин мезгилинде жазылгандыгы үчүн, советтик идеологияга жараша көтөрүлүштүн уюштуруучулары жана башчылары тууралуу эч сөз кылынбай, көтөрүлүш жалпы элдик болгон деген жалпылама жыйынтыктоолор менен чектелишкендиги белгилүү. А Ж.Байдилдеев болсо, бул тарыхый мааниси зор окуяда “Эл жакшылары” эл менен болгонун айтып келет. “Аталган аймактагы элдин нааразычылыктарын колдоп, көтөрүлүштү уюштурууга катышкан инсандар жөнүндө сөз кылсак, анда алардын көпчүлүгү жер-жерлердеги кадыр-барктуу, манап тукумдарынан чыккан адамдар болгон.
Мисалы, көтөрүлүштүн катышуучусу жана жетекчилеринин бири Б.Солтоноев орус администрациясына нааразы болгон көпчүлүк кедей адамдарга кошулуп, “бай-манаптардын көбү көтөрүлүш чыгарууга ыктыяр болду” деп жазат.
Боштондук кыймылдын катышуучуларынын эскерүүлөрүндө, көтөрүлүш башталар алдында Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарындагы кыргыздардын жергиликтүү аттуу-баштуу адамдарынын арасында өз ара жашыруун сүйлөшүлөр болгондугу баяндалат.
Алардын көпчүлүгү ата-бабасынан бери эл башкарып келген атактуу манаптардын тукумдарынан болуп, эл арасындагы кадыр-барктуулардан эле” деп жазат Ж.Байдилдеев “1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана кыргыз бай-манаптары” аттуу макаласында.
Кыскасы, биз сөз кылган китептер окурмандарды да, окумуштуу тарыхчыларды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”.

