Башкы беткеКоомБишкектин Ак-Босого конушунда 1,8 чакырым жол оңдолду

Бишкектин Ак-Босого конушунда 1,8 чакырым жол оңдолду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ак-Босого конушунда капиталдык оңдоодон өткөн Чүй көчөсүнүн жаңыланган бөлүгүнүн ачылышына катышты.

Мэриянын маалыматына ылайык, жол оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки аралыкта жүргүзүлдү. Жаңыланган тилкенин узундугу 1 миң 800 метрди түзөт. Курулуш иштерин «Су-4 Кара-Балта» жоопкерчилиги чектелген коому аткарган.

Мындан тышкары, шаарды жашылдандыруу иштеринин алкагында Чүй көчөсүнө жакын жайгашкан скверге 38 түп катальпа көчөтү отургузулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын кайрылууларын жана сунуштарын укту. Жыйынтыгында Биринчи Май районунун акимине көтөрүлгөн маселелерди карап чыгып, аларды чечүү боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар