Башкы беткеКоомБишкектин четинде 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган ат спорту комплекси курулууда

Бишкектин четинде 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган ат спорту комплекси курулууда

Бишкек шаарында 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Комплекс Сокулук районундагы Белек айылынын жанынан 114 гектар жерге курулат. Анын курамына 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган ипподром жана көк бөрү оюндары өтө турган 25 миң орундуу арена кирет.

Курулуш жүрүп жаткан аймакка барган Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев унаалар үчүн жер астындагы токтотмо жай куруу маселесин карап чыгууну тапшырды. Анын айтымында, жер үстүндөгү бош аянттар жашылдандырылып, элдин сейилдөөсү үчүн пайдаланылышы керек.

Ошондой эле мэр аймактагы бак-дарактарды кыйбоону, аларга аяр мамиле жасоону тапшырды. Комплексте спорттук иш-чаралардан тышкары жарманкелерди өткөрүп, шаар тургундары эркин сейилдей турган коомдук мейкиндик түзүү да пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар