Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы ыкма алгач Маевкадагы Биримдик конушунда колдонулду. Адистер электр зымдарынын изоляторун жарыкты өчүрбөй алмаштырышты.
Бул ыкма боюнча Каракол шаарында окуу борбору ачылды. Анда 20 энергетик даярдыктан өттү. Борборду ачууга жана жабдууга 55 млн сомдон ашык каражат жумшалган.

