Башкы беткеСаясатКыргызстан Сауд Арабиясына төрт ири инвестициялык долбоорду сунуштады

Кыргызстан Сауд Арабиясына төрт ири инвестициялык долбоорду сунуштады

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Сауд Араб Падышалыгынын Консультативдик кеңешинин (Аш-Шура Мажлисинин) Төрагасы Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх менен жолукту.

Парламенттин маалыматына караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Сауд Арабиясын тарыхый, маданий жана руханий байланыштар бириктирип турарын белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүнө келерки жылы 35 жыл толорун айтты. Ушуга байланыштуу ал кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө меморандум түзүүнү сунуштап, депутаттык достук топторунун ишин жандандыруу жана мыйзам чыгаруу, парламентти санариптештирүү багыттарында тажрыйба алмашуу зарылдыгына токтолду.

Экономикалык кызматташтык боюнча кыргызстандык айыл чарба азыктарын, балды жана адал продукцияларды Сауд Арабиясынын рыногуна экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды. Мындан тышкары, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, туризм жана инфраструктура тармактарына саудиялык инвестицияларды тартуу маселеси көтөрүлдү.

Бул багытта Камбар-Ата-1 ГЭСи, «Ала-Тоо Резорт», «Асман-Сити» жана «Тамчы» атайын инвестициялык аймагы сыяктуу ири долбоорлор аталды.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын көбөйтүү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү маселелери да талкууланды.

Мындан сырткары, билим берүү, туризм жана спорт тармактарындагы байланыштарды өнүктүрүү, кыргызстандык студенттердин Сауд Арабиясынын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Сауд Арабиясынын аймактагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар