Башкы беткеКоомОш аэропортуна барчу жолдун 1,5 чакырым бөлүгү жаңыланат

Ош аэропортуна барчу жолдун 1,5 чакырым бөлүгү жаңыланат

Ош эл аралык аэропортуна барчу жолдун 1,5 чакырымдык бөлүгүндө инфраструктураны жаңылоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштердин алкагында совет мезгилинен бери колдонулуп келген эски жарыктандыруу мамычалары заманбап чырактарга алмаштырылат. Ошондой эле жолдун ортосундагы жашыл тилкенин топурагы жаңыланып, андагы бак-дарактар атайын питомникке көчүрүлөт.

Алардын ордуна көп жылдык декоративдүү бадалдар отургузулуп, автоматташтырылган сугат системасы орнотулат.

Оңдоо иштерине байланыштуу эртең саат 08:00дөн 18:00гө чейин аэропортко баруучу жолдун бир тарабы убактылуу жабылат. Бул убакытта каршы тилкеде унаалардын эки тараптуу кыймылы уюштурулат.

Мэрия айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, жол эрежелерин сактоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар