Башкы беткеСаясатПрезиденттик шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт — БШК

Президенттик шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт — БШК

Президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, аларга тең мамиле жасалышы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров да талапкерлер үчүн бирдей шарт болушу зарылдыгын белгилеп келет. Бул багытта Министрлер кабинетинин алдында республикалык штаб түзүлүп, анын иш планы бекитилген.

Жупуеванын белгилешинче, планга ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк түзүшү керек. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышпоого тийиш.

«Бир талапкерге өзгөчө мамиле жасалбастан, бардыгына бирдей шарт түзүлүшү зарыл», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар