Башкы беткеКоомБишкекте бир күндө 6 миң түп дарак отургузулду

Бишкекте бир күндө 6 миң түп дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө бир жолку иш-чаранын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду. Бул борбор калааны жашылдандыруу боюнча ири акциялардын бири болду.

Иш-чарага шаардын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Мэриянын маалыматына караганда, отургузулган көчөттөрдүн 5 миң 263ү гибрид терек, 700ү тал жана 37си алма дарагы. Алардын бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин жетет.

Жаңы көчөттөрдүн жакшы өсүп кетиши үчүн тилкеге автоматтык сугат системасы орнотулду. Кийинчерээк бул аймакка көп жылдык бадалдар жана гүлдөр да отургузулат.

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, көчөттөрдүн баары Бишкек шаардык «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын питомнигинде өстүрүлгөн. Анын ичинде гибрид теректер эки жыл мурда илимий-изилдөө институтунан алынган калемчелерден көбөйтүлгөн.

Белгилей кетсек, жыл аягына чейин Бишкек боюнча отургузулган дарактардын санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар