Башкы беткеМинистрлер кабинетиБыйыл саламаттык сактоого 73,1 млрд сом бөлүндү

Быйыл саламаттык сактоого 73,1 млрд сом бөлүндү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Т. Усубалиев атындагы аянтта Саламаттык сактоо министрлигине 73 тез жардам унаасынын ачкычтарын тапшыруу аземине катышты.

Анын айтымында, өлкөдө экономикалык өсүштүн эсебинен саламаттык сактоо тармагын каржылоо көбөйдү. Эгерде 2021-жылы тармакка 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 73,1 млрд сомго жетти. Бул дээрлик 2,8 эсеге көп.

Касымалиев жаңы унаалар В классындагы тез жардам машиналары экенин белгиледи. Алар жасалма дем алдыруучу аппараттар, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүү тутумдары жана башка медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Унаалар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

«Тез жардам унаасы жөн гана транспорт каражаты эмес, ооруканага чейинки этапта медициналык жардам көрсөтүү тутумунун маанилүү звеносу. Жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, бейтаптын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот», — деди ал.

73 унаа Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу» программасынын алкагында сатылып алынган. Сатып алуунун жалпы баасы 313 млн сомдон ашат.

default

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар