Башкы беткеМинистрлер кабинетиДанияр Амангелдиев менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары жолукту

Данияр Амангелдиев менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары жолукту

Бүгүн, 24-ноябрда  Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолукту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, айрыкча энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы кызматташууну талкуулашты.

Данияр Амангелдиев кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, ал кыргыз тараптын аныкталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн активдүү, биргелешкен күч-аракеттерге даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Александр Новак биргелешкен демилгелерди алга жылдырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун ишин жандандырууну макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар