“Кыргызстан диалогго, инвестицияга жана жаңы демилгелерге ачык” мындай билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Россия – Ислам дүйнөсү: Kazan Forum» XVII Эл аралык экономикалык форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөп жатып билдирди.
«Картадагы чекиттерден өсүү чекиттерине: технологиялык жана финансылык демилгелерди бириктирүү» темасында өткөн сессияда ал Kazan Forumдун Россия менен Ислам дүйнөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанисин белгилеп, Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Миннихановдун ролуна өзгөчө токтолду.
Данияр Амангельдиевдин айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн реалдуу өсүшү 11 пайыздан ашып, өлкөдө 119 жаңы өнөр жай ишканасы ишке киргизилген. Ал ошондой эле инвестициялык мыйзамдар жаңыланып, инвесторлордун укуктарын коргоого жана ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган жаңы укуктук механизмдер кабыл алынганын билдирди.
IT тармагындагы жетишкендиктерге токтолгон Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында акыркы 10 жылда IT-кызматтарынын экспорту 45 эсеге өскөнүн айтты.
“Өнүктүрүүнүн төрт негизги багыты аныкталды. Алар — индустриализация, айыл чарбасы жана туризм, транспорттук-логистикалык хаб түзүү, жашыл энергетика жана санариптештирүү менен технологиялык модернизация”, — деди ал.
Мындан тышкары, Данияр Амангельдиев Ысык-Көл облусунда “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү долбоору тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын транзиттик борбор катары өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле өлкө экологиялык таза адал продукциянын экспортун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
“Биз Евразия жана ислам дүйнөсүнүн жаңы экономикалык архитектурасынын активдүү катышуучусу болууга даярбыз”, — деп жыйынтыктады Данияр Амангельдиев.


