24-майдан 25-майга караган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Суу райондорундагы сел кырсыктарынан улам өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун акиминин буйругу менен 25-майдан тартып район аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
Табигый кырсык катталган аймактарда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Куткаруучулар, атайын инженердик техникалар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине тартылган.
Райондун Сары-Колот айылында жалпы 54 турак жай (7 короо-жай, 1 ашкана, 7 жараксыз сарай), 2 мектеп жана 1 бала бакча селден жабыркаган. Калган 40 үй изилденүүдө.
Кырсыктан улам 15 гектар эгин талаасы жабыркап, 4 унааны суу каптаган. 1 кой, 1 торпок, 11 тоок жана 1 күчүк агып кеткен.
Иш-чараларга жалпысынан 394 адам (анын ичинен 116 куткаруучу) жана ӨКМ менен жергиликтүү бийликтин ондогон инженердик техникалары (экскаваторлор, мотопомпалар ж.б.) тартылды.



