Башкы беткеКоомМамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО боюнча 3,1 миллион сомдон ашык төлөм жүргүздү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО боюнча 3,1 миллион сомдон ашык төлөм жүргүздү

2026-жылдын 2-июнуна карата «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсы ОСАГО (милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу) боюнча жалпы суммасы 3 миллион 102 миң 200 сомду түзгөн камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү.

Уюмдун маалыматына ылайык, жол кырсыктарынан жабыркаган 31 жеке жана юридикалык жак компенсация алышкан.

Төлөмдөр Бишкек шаарында жана өлкөнүн бир катар аймактарында катталган камсыздандыруу учурлары боюнча жүргүзүлгөн. Алардын катарында Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары бар.

Компаниядан билдиришкендей, ар бир камсыздандыруу учуру мыйзам талаптарына ылайык эксперттик баалоодон өткөрүлөт. ОСАГО камсыздандыруусу жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген материалдык зыянды жабууга багытталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда ОСАГО боюнча акыркы бир жарым жыл ичинде 509 миллион сомдон ашык компенсация төлөнгөнү маалымдалган. Анын ичинде 2025-жылы төлөмдөрдүн көлөмү 333,5 миллион сомду түзсө, 2026-жылдын биринчи чейрегинде дагы 175,5 миллион сом төлөнгөн. Компенсациялардын басымдуу бөлүгү мүлккө келтирилген зыяндарды жабууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар