«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек менен Кытайдын «Жэньминь жибао» гезитинин башкы редакторунун орун басары Цуй Шисинь 27-май күнү Бишкек шаарында жолугушуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр “Кыргыз-кытай медиафорумунун” алкагында өттү.
Жолугушууда тараптар маалымат тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Анда эки өлкөнүн журналисттеринин тажрыйба алмашуусу, биргелешкен медиа долбоорлорду ишке ашыруу, санариптик маалымат таратуу форматтарын өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери каралды.
Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын маалымат каражаттарынын ортосундагы өнөктөштүк эки мамлекеттин достук мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле басылмалардын жетекчилери сапаттуу контент алмашуу жана так, ишенимдүү маалыматтарды жайылтуу жаатында тыгыз кызматташууга макулдашышты.




