Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жайлары боюнча талаптар күчөтүлдү

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн унаа токтотуучу жайлары боюнча талаптар күчөтүлдү

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү курууда унаа токтотуучу жайларды камсыздоо боюнча талаптар күчөтүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, автоунаа токтотуучу жайлар долбоордо гана көрсөтүлбөстөн, иш жүзүндө да толук көлөмдө курулушу зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында талап кылынган 3 миң 519 унаа токтотуучу жайдын ордуна болгону 2 миң 532 орун гана каралганы аныкталган. Ошондой эле айрым курулуш объектилеринде долбоордо көрсөтүлгөн айланма жана эки кабаттуу токтотуучу жайлар курулбай калганы белгилүү болгон.

Министрлик буга чейин бекитилген долбоорлорду кайра карап чыгып, курулуш нормаларын бузган 28 объектинин макулдашууларын жокко чыгарды. Мындан ары ар бир жаңы курулуш объектисинде унаа токтотуучу жайлардын саны белгиленген талаптарга жооп берер-бербеси өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Мындан тышкары механикалык жана ротордук унаа токтотуучу жайлардын коопсуздук стандарттарын күчөтүү, аларды заманбап автоунаалардын өлчөмдөрүнө ылайыкташтыруу маселеси да көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлик талаптарды аткарбаган курулуш компанияларына мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар