Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Астана шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн II эл аралык форумуна катышты.

«Балдардын үнү: улуттук стратегиялар жана коопсуз санариптик чөйрө» аталышындагы форумга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Финляндия жана Япониянын Кавасаки шаарынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле Түркмөнстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарага Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана БУУнун Башкы катчысынын балдарга карата зомбулук маселеси боюнча атайын өкүлү, доктор Наджат Маалла М’жид да катышты.
Форумдун пленардык сессиясында балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр өз өлкөлөрүндө балдардын укуктарын коргоо жана камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер, улуттук стратегиялар жана артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат беришти.
Иш-чаранын алкагында эки панелдик сессия уюштурулду. Алардын биринчиси инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө жана бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө арналса, экинчисинде санариптик чөйрөдө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын психологиялык бакубаттуулугун коргоо маселелери талкууланды.
Форумдун катышуучулары балдардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана балдар үчүн коопсуз, инклюзивдүү чөйрөнү түзүү маселелерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн III эл аралык форуму 2027-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлөт.



