Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Кыргызстанды Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул өлкөнүн эл аралык аброюнун жогору экендигин жана жүргүзүлүп жаткан тынчтыкка, туруктуулукка багытталган саясаттын дүйнөлүк коомчулук тарабынан жогору бааланганын белгиледи.
Өз кезегинде Садыр Жапаров жылуу куттуктоосу жана колдоосу үчүн Өзбекстандын Президентине ыраазычылык билдирип, Борбор Азия мамлекеттеринин Кыргызстан талапкерлигин илгерилетүүдөгү салымын өзгөчө белгиледи.
Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого багытталган демилгелерди алдыга жылдыруу үчүн өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Телефондук сүйлөшүүдө тараптар кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын, мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын жана эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле жакынкы мезгилде өтө турган жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графиги боюнча пикир алмашылды.



