Башкы беткеДүйнөИрандык күйөрмандар дүйнө чемпионатында билетсиз калышы мүмкүн

Ирандык күйөрмандар дүйнө чемпионатында билетсиз калышы мүмкүн

Ирандын Футбол федерациясы дүйнө чемпионаты башталар алдында өлкөгө бөлүнгөн билет квотасы күтүүсүздөн жокко чыгарылганын билдирди.

Федерациянын маалыматына ылайык, турнирдин эрежеси боюнча орундардын 8 пайызы катышуучу өлкөлөрдүн улуттук федерацияларына бөлүнөт. Ошонун негизинде ирандык күйөрмандар үчүн Жаңы Зеландия, Бельгия жана Египетке каршы оюндардын билеттери расмий сайт аркылуу сатыкка чыгарылган.

Уюмдун билдирүүсүндө көптөгөн күйөрмандар расмий маалыматка ишенип, сапарларын алдын ала пландап коюшканы белгиленген. Бирок кийинчерээк бул квота жокко чыгарылганы маалым болгон.

Азырынча ФИФА жана дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары бул маселе боюнча расмий комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Иран курама командасынын катышуусу Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялардан улам талаш-тартыштарды жаратып келет.

Маалыматтарга караганда, АКШ Иран курамасынын 26 футболчусуна виза берген. Бирок команданын айрым өкүлдөрүнө жана федерациянын кызматкерлерине виза берилбей калган. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар айрым адамдарды делегация курамына киргизүүгө аракет жасалганын билдирген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар