Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү боюнча тапшырмасынын алкагында Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маанилүү маселелер каралды.
Жолугушууда калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык системаларды жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгиленгендей, таза суу менен камсыздоо жарандардын жашоо сапатын жогорулатуунун жана саламаттыгын сактоонун негизги шарттарынын бири болуп саналат.
Ошондой эле ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана дыйкандардын кирешесин жогорулатууга өбөлгө түзөрү айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө бардык айыл аймактарынын жетекчилерине ичүүчү суу жана сугат системалары боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоону тездетүү, ошондой эле тиешелүү техникалык жана укуктук документтерди өз убагында бүтүрүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдарга таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык объектилерди модернизациялоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.
Кеңешмеде таза суу менен камсыздалган 44 айыл боюнча маалымат угулуп, айыл өкмөт башчылары аткарылып жаткан иштер тууралуу отчет беришти.
Адистердин белгилешинче, бул багыттагы иштер аймактардын өнүгүшүнө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошот.



