Колумбиянын Өкүлдөр палатасынын Тергөө жана айыптоо боюнча комиссиясынын төрайымы президент Густаво Петрону шайлоо процессине кийлигишти деген шек менен жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында убактылуу кызматынан четтетүү тууралуу чечим чыгарды.
Маалыматка ылайык, бул чара өлкөдө президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктай турган 21-июнга чейин күчүндө болот. Густаво Петро учурдагы шайлоого катышкан жок, анын президенттик мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын август айында аяктайт.
Петро шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин бирин ачык колдогондугу, чуулгандуу билдирүүлөрдү жасагандыгы жана добуштарды саноонун ачыктыгына күмөн жараткан билдирүүлөрү үчүн сынга алынууда.
Колумбиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президент шайлоо маалыматтарын туура эмес чечмелегенин билдирип, добуштарды бурмалоо фактылары боюнча негиз жок экенин белгиледи.
Өлкөнүн ички иштер министри Армандо Бенедетти президентти кызматынан четтетүү тууралуу чечимди Конституцияга каршы келет деп атап, мамлекет башчысын кызматтан убактылуу четтетүү укугу Өкүлдөр палатасынын комиссиясына эмес, Сенатка таандык экенин айтты.
Өз кезегинде учурда Нью-Йорк шаарында жүргөн Густаво Петро өзүнүн президенттик мөөнөтү август айында мыйзам чегинде аяктарын белгилеп, бийликте калуу ниети тууралуу айтылып жаткан дооматтарды негизсиз деп атады.



