Башкы беткеКоомЖылуулук режимин бузган айдоочуларга 830 миң сом айып пул салынды

Жылуулук режимин бузган айдоочуларга 830 миң сом айып пул салынды

Өлкө аймагындагы автоунаа жолдорунда жылуулук режиминин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-июндан 9-июнь саат 13:00гө чейин республика боюнча жылуулук режимин бузган 41 факты катталган. Анын негизинде мыйзам талаптарын аткарбаган жарандарга жана мекемелерге жалпысынан 830 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Катталган мыйзам бузуулардын 38и жеке жактарга, ал эми үчөө юридикалык жактарга тиешелүү болгон.

Мындан тышкары, 9-июнда Чүй айланма автоунаа жолунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө дагы сегиз мыйзам бузуу фактысы аныкталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын ээлерин жана ташуучуларды жай мезгилинде жолдордун бузулушуна жол бербөө үчүн киргизилген жылуулук режиминин талаптарын так сактоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар