Башкы беткеМинистрлер кабинетиАзык-түлүк бааларына көзөмөл жүргүзүү үчүн жаңы санариптик платформа сунушталды

Азык-түлүк бааларына көзөмөл жүргүзүү үчүн жаңы санариптик платформа сунушталды

 

11-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлдөрү менен жолугушуп, азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүчү санариптик платформаны ишке киргизүү маселесин талкуулады.

Жолугушууда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ички рыноктогу бааларга туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана маалыматтык камсыздоону жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

WFP өкүлдөрү райондук деңгээлде азык-түлүк товарларынын баалары боюнча маалыматтарды чогултуп, талдап жана ыкчам мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берген санариптик платформанын долбоорун тааныштырышты. Платформа баалардын өзгөрүүсүн өз убагында аныктап, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Тараптар маалымат алмашуу механизмдерин жана азык-түлүк рыногундагы мониторинг системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышып, кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар