Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган аппараттык жыйын өткөрүп, бир катар маанилүү чечимдерди жарыялады.
Жыйында Президенттин жарлыгы менен Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча Президенттин атайын өкүлү болуп дайындалганы маалымдалды. Өкмөт башчысы бардык мамлекеттик органдарды бул багыттагы иштерде тыгыз кызматташууга чакырды.
Ошондой эле такси кызматын лицензиялоо тартиби санариптик форматка өткөрүлүп жатканы белгиленди. Эми айдоочулар лицензияны мобилдик тиркемелер аркылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ала алышат. Ошол эле учурда 2026-жылдын 1-июлунан тарта лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочулар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылары эскертилди.
Жыйындын негизги маселелеринин бири мектеп окуучуларынын тамактануусу болду. Өкмөттүн маалыматына ылайык, учурда бир окуучуга күнүнө бөлүнгөн 14 сомдук норма жетишсиз деп табылган. Ушуга байланыштуу Президенттин чечими менен 2027-жылдын 1-январынан тартып 1–4-класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражат күнүнө 40 сомго чейин көбөйтүлөт.
Адылбек Касымалиев балдардын ден соолугу мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, жаңы каржылоо мектептердеги тамак-аштын сапатын олуттуу жакшыртууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Тиешелүү тапшырмалар Финансы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Агартуу министрлигине, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына берилди. Жаңы талаптарга ылайык, окуучулар үчүн тең салмактуу жана пайдалуу меню иштелип чыгып, бардык даярдык иштери алдын ала жүргүзүлөт.




