Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Эл аралык Кызыл Крест кызматташууну кеңейтет

Адылбек Касымалиев Кыргызстанга биринчи расмий сапар менен келген Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдор федерациясынын (IFRC) президенти Кейт Форбс менен жолукту.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев дүйнөдөгү глобалдык чакырыктар, куралдуу жаңжалдар жана климаттын өзгөрүшү күчөп турган шартта уюмдун гуманитардык ишмердүүлүгүнүн мааниси чоң экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өлкө үчүн тарыхый окуя экенин айтып, тынчтыкты чыңдоо, туруктуу өнүгүү, климаттык күн тартибин илгерилетүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында IFRC менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү механизмдерин өркүндөтүү, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ыктыярчылык кыймылын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелер боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Кейт Форбсту 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Кейт Форбс Кыргызстан менен гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар