Башкы беткеМинистрлер кабинети“Ала-Тоо Резортто” суу инфраструктурасын куруу 60% аткарылды

“Ала-Тоо Резортто” суу инфраструктурасын куруу 60% аткарылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортунда жүрүп жаткан суу менен камсыздоо объекттеринин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Долбоор курорттук аймакты үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган. Учурда башкы суу алуучу курулмада иштердин 60 пайызы, ички суу түтүк тармактарында 50 пайызы аткарылды.

Ошондой эле төрт суу сактоочу резервуардын курулушунда жер казуу иштери аяктап, суу тазалоочу станциянын фундаменттери тургузулган. Тоолуу шарттарга байланыштуу айрым иштер убактылуу токтотулуп, азыр техника жана материалдарды жеткирүү, ошондой эле электр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

Министр Нурдан Орунтаев курулуштун сапатын камсыз кылуу, мөөнөттөрдү сактоо жана объектти өз убагында ишке берүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгиленгендей, долбоор боюнча курулуш-монтаж иштеринин жалпы аткарылышы 30 пайызды түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар