Башкы беткеМаданиятЭл аралык K-pop тобуна кыргызстандык кыздар тандалат

Эл аралык K-pop тобуна кыргызстандык кыздар тандалат

Кыргызстандык таланттуу жаш кыздарда жаңы эл аралык музыкалык топтун мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүнө жаралды. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Click the Star — Борбор Азия» долбоорунун өкүлдөрү билдиришти.

Долбоордун Кыргызстандагы өкүлү Асель Койлубаеванын айтымында, Түштүк Кореянын K-pop Center уюму уюштурган кастинг август айында башталат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 16–22 жаштагы кыздар катыша алышат.

Тандоо эки этапта өтөт: алгач онлайн баалоо, андан соң мыктылар офлайн кастингге чакырылат. Финалисттер Түштүк Кореянын Сеул шаарына барып, профессионалдык окутуудан өтүп, дебютко даярданышат.

Талапкерлерди вокалдык жана бий жөндөмдөрүн Түштүк Кореядан келген адистер баалашат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков бул долбоор Кыргызстандын креативдүү жана чыгармачыл жаштары үчүн эл аралык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, тандоо процесси Түштүк Кореянын телеканалдарында жана ири YouTube платформаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле кастингдер тууралуу бир катар даректүү тасмаларды тартуу пландалууда.

Маалыматка ылайык, долбоор дүйнөнүн 32 өлкөсүндө ишке ашырылып жатат. Жыйынтыгында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан экиден катышуучу тандалып, жалпы алты кыздан турган жаңы K-pop тобу түзүлөт. Топко «BLINGONE» деген ат берилери күтүлүүдө.

Уюштуруучулар бул долбоор кыргызстандык чыгармачыл жаштар үчүн эл аралык деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар