Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 17–19-июнь күндөрү Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапар менен барат.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференцияга катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданият тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.



