Ош облусунун Кара-Суу районундагы 12 айылдын 30 миңге жакын жашоочусу таза ичүүчү суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор «Отуз-Адыр» субдолбоорунун алкагында ишке ашырылган. Анын негизинде суу менен камсыздоо инфраструктурасы жаңыланып, Октябрь айылында көлөмү 300 куб метр болгон жаңы суу сактагыч курулду. Ошондой эле 11,4 чакырым суу түтүктөрү тартылып, объекттин санитардык-коргоо аймагы толугу менен тосмолонду.
Министрликтин маалыматына караганда, жүргүзүлгөн иштер калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого, системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, суу менен камсыздоо тармагын тейлөөнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында жергиликтүү суу чарба ишканасына атайын техникалар — экскаватор жана ассенизатордук унаа тапшырылды. Бул техникалар авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө жана суу чарба объектилерин сапаттуу тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Долбоордун ачылыш аземине катышкан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Эрлис Акунбеков калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, бул багыттагы иштер мындан ары да улантыларын билдирди.




