Бүгүн, 19-июнда Ысык-Көлдө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат.
Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын, санариптик платформаларынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. Жалпысынан алты мамлекеттен келген 100гө жакын делегат форумдун ишине тартылган.
Форумдун негизги максаты — ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты чыңдоо, медиа жана коммуникация тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле санариптик доордогу кесиптик диалогду кеңейтүү болуп саналат. Медиафорумдун ачылышында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө маалыматтын таасири күчөп, анын эл аралык процесстерге түздөн-түз таасир эте баштаганын белгиледи.
«Улуттук кызыкчылыктарды коргоо, жалган жана такталбаган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери мамлекеттерден жоопкерчиликтүү мамилени жана тыгыз кызматташууну талап кылат», — деди ал.
Форумдун жүрүшүндө делегация башчылары маалыматтык мейкиндикте ишенимди бекемдөө, медиасектордогу өз ара кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы чакырыктарга биргелешип жооп берүү маселелерине токтолушту. Ошондой эле катышуучулар санариптик платформалардын ролу, жасалма интеллект технологиялары, маалыматтык коопсуздук жана өзгөрүп жаткан медиа чөйрөдөгү журналисттердин кесиптик жоопкерчилиги боюнча пикир алмашууда.
Медиафорум ШКУ мамлекеттеринин ортосундагы маалыматтык байланыштарды чыңдоого жана заманбап медианын өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.



