Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде “Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү” темасында мейман лекция окуду.
МинКабдын маалыматына ылайык, Касымалиев өз сөзүндө бул окуу жай анын кесиптик жолунун башталышына чоң салым кошконун белгиледи.
“Кырк беш жыл мурун дал ушул аудиторияларда экономикалык процесстерди, мамлекеттик башкаруунун ролун жана эл аралык кызматташуунун маанисин түшүнө баштагам”, – деди ал.
Лекцияда Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрүнө, жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы
жана келечеги тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле ал студенттер менен ачык пикир алышып, жаш адистердин билим деңгээли мамлекеттердин өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
“Бүгүн алган билимиңер келечекте мамлекеттердин өнүгүүсүн, экономиканын натыйжалуулугун жана жарандардын бакубат жашоосун аныктаган чечимдерди кабыл алууга негиз болот”, – деп кайрылды ал студенттерге.
Лекциянын алдында Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу доктору наамы ыйгарылды. Ал университеттин жетекчилигине жана Окумуштуулар кеңешине көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев 1984-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.



