Кыргызстандын Баткен, Ош жана Талас облустарында селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 19–21-июндагы сел кырсыктарынан кийин жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө.
Учурда аймактарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ичүүчү суунун сапаты лабораториялык көзөмөлдөн өтүүдө. Ошондой эле тургундар арасында санитардык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын чыгуу коркунучу бааланууда.
Ош облусунда адистер үймө-үй кыдырып, тургундардын саламаттыгына мониторинг жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык абалдын начарлаганын көрсөткөн белгилер катталган жок.
Министрлик ошондой эле ичүүчү суудан алынган үлгүлөр лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлгөнүн маалымдап, кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын белгиледи.



