Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨзбекстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга иш сапары менен келди

Өзбекстандын өкмөт башчысы Кыргызстанга иш сапары менен келди

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Маалыматка ылайык, эртең 23-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жетекчилигинде кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын тар жана кеңейтилген курамда 12-отуруму болот.

Жыйындардын алкагында эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттары каралып, документтерге кол коюлат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар