Башкы беткеПрезидентБаткендеги сел кесепеттерин жоюу иштери Президенттин жеке көзөмөлүндө

Баткендеги сел кесепеттерин жоюу иштери Президенттин жеке көзөмөлүндө

Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепеттерин тез арада жоюуну жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 19-22-июнь күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар.

Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды берди.

Учурда сел кырсыгы катталган аймактарда абалды турукташтыруу, жолдорду тазалоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу жана элге көмөк көрсөтүү иштери Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат”, – деди Аскат Алагөзов.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар