Күн мурун Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен көчмө жыйынынын алкагында Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштерин жеринде кароо иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага парламент депутаттары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Программанын алкагында катышуучулар Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунун, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунун жана Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдык иштери менен таанышты. Ошондой эле делегация ат оюндары боюнча мелдештерди жана «Көчмөндөр жаңырыгы» этно-хиттер фестивалын өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдык иштерине баа берди.
Андан соң ипподромдун жыйындар залында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча жалпы маалымат берилди.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын маданий мурасын, улуттук спорт түрлөрүн жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын дүйнөгө таанытууга багытталган ири эл аралык иш-чара болуп саналат.
Министрлик тарабынан оюндардын маданий программасын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тиешелүү даярдык иштери улантылууда.



