Башкы беткеПрезидентӨлкө башчы Жумгал элинин суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлдөөнү тапшырды

Өлкө башчы Жумгал элинин суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлдөөнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өтүп, жергиликтүү тургундар аймактагы көйгөйлөрдү жана сунуштарын түздөн-түз мамлекет башчысына жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жолугушууда социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык багыттагы бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, таза жана сугат суу менен камсыздоо, спорттук объектилерди куруу, социалдык инфраструктураны жаңылоо жана калкты социалдык жактан колдоо маселелери болду.

Ошондой эле тургундар жер тилкелерин трансформациялоо, ичүүчү суу маселеси, заманбап автобекеттерди жана аялдамаларды куруу, коммуналдык чарба объектилерин оңдоо, айрым мекемелерде эмгек акыны өз убагында төлөө жана соттук чечимдерге байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров бардык кайрылууларды кылдат карап чыгып, мыйзам чегинде чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берди.

Мамлекет башчысы өлкө боюнча көп кабаттуу турак жайларды куруу иштери активдүү жүрүп жатканын белгилеп, Жумгал районунда да жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн айрым жер тилкелерин трансформациялоо жана көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгү караларын билдирди.

Суу маселесине токтолгон Президент республикада сугат жана ичүүчү суу тармагын жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу долбоорлору 2030-жылга чейин өлкөнүн суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртат.

Жолугушууда спорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери дагы талкууланды. Президент жакынкы жылдары аймактарда жаңы спорт залдарын жана социалдык объектилерди куруу уланарын белгиледи. Ошондой эле Жумгалда заманбап автобекет куруу жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер каралары айтылды.

Мындан тышкары, социалдык колдоо, жер талаштары, чарбалык субъекттердин ишмердүүлүгү жана айрым кылмыш иштерине байланыштуу кайрылуулар боюнча укук коргоо жана сот органдарына мыйзам чегинде объективдүү кароо жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров көтөрүлгөн бардык маселелер жеке көзөмөлүндө болорун белгилеп, ар бир кайрылуу боюнча мыйзамга ылайык тиешелүү чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар