Бүгүн, 23-июнда, Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мамлекет башчысына өздөрүн кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча түз суроолорду беришти.
Жарандар турак жай менен камсыздоо, социалдык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, таза суу жана ирригация системаларын жакшыртуу, айыл чарбасын колдоо, ошондой эле жер жана мүлк талаштарына байланышкан маселелерди көтөрүштү. Мындан тышкары пенсиялык камсыздоо, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан колдоо, эмгек укуктарын коргоо жана соттук иштер боюнча кайрылуулар айтылды.
Өзгөчө көңүл медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу, Чолпон айылында спорт комплексин куруу, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоо жана жарандардын жер тилкелерине болгон укуктарын коргоо маселелерине бурулду.
Президент ар бир кайрылуу кылдат иликтенип, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи. Ал медицина кызматкерлерине батир берүү маселеси чечилерин айтып, өлкө боюнча турак жай куруу программалары улантыларын кошумчалады.
Ошондой эле мамлекет башчысы Чолпон айылында спорт комплексин куруу демилгесин колдоп, аймактардагы социалдык объектилерди жаңылоо жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Жер талаштары, мүлктүк укуктар жана айрым соттук чечимдер боюнча кайрылууларга токтолгон Президент тиешелүү укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарына маселелерди объективдүү жана ар тараптуу кароону тапшырды.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынарын жана ар бир кайрылуу боюнча белгиленген тартипте тиешелүү чечимдер кабыл алынарын баса белгиледи.




